Редакцияот 22.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

22.03.2022-жыл № 67

Ош шаарында өтүүчү Түштүк лига боюнча спорттук мелдешке   акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Болуш айылындагы спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун 23-25март күндөрү Ош шаарында өтүүчү  Түштүк лигасына катышууга  барып келүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү  кайрылуусун  угуп  жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.  23-25март күндөрү Ош шаарында өтүүчү  Түштүк лигасына катышууга барып келүүгө  26 000 (жыйырма алты мин) сом  акча каражаты  бөлүнүп  берилсин. 

2.  Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын КЭБнүн башчысы  Т.Т.Сувановага   милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.