Редакцияот 22.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

22.03.2022-жыл № 75

Терек-Сай айыл аймагында жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш чараларын уюштуруу максатында акча каражатын бөлүү  жөнүндө

 

  Терек-Сай айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында  2022-жылдын 17-мартында чыккан № 35-б буйругуна ылайык, Терек-Сай , Болуш жана Ак-Терек айылдарынын тургундарынын  кайрылуусун  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз  VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Терек-Сай айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында  Терек-Сай, Болуш,  Ак-Терек айылдары үчүн 98 000 (токсон сегиз мин ) сом  акча каражаты  жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2.Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

4. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.