ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2021-жылдын 4-ноябры № 6/24
Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Дыйкан айылындагы МТФ-2 участкасындагы №21 кварталына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жазы айылдык кенешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Балтабаевдин Кызыл-Дыйкан айылындагы МТФ-2 участкасындагы №21 кварталына өзгөртүү киргизүү жөнундөгү маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Дыйкан айылынын МТФ-2 участкасынын №21 кварталынын башкы планын тузүп жатканда айыл тургундарынын ген.план түзүлгөнгө чейин менчике алып бак кылып алган жер тилкелери (бардыгы болуп 4,56га) жер тилкесин кун батыш жана тундук тарабындагы сарайлардын ордулары силос (чыктуу тоют) сакталуучу жайдын ордулары жайкы мезгилде уй саалуучу «Елочканын» ордуларынан жана түндүк жагындагы бош жаткан жерлеринин ордунан компенсацияланып ген.план түзүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |