ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2021-жылдын 4-ноябры № 6/25
Жазы айыл аймагынын Жазы айылындагы А.Абдыкеримов орто мектебинен участкасынан бөлүнгөн жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Жергиликтүү Жазы айылынын тургундарынын айылга мини футбол аянтчасын куруу боюнча сунуштарынын жана жалпы айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугунун негизинде Жазы айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл аймагынын Жазы айылындагы А.Абдыкеримов орто мектебинен 20904квм бөлүнүп жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 784, 634 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Камчибеков |