Редакцияот 20.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2022-жылдын 20-январы № 7/31

Жазы айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

Жазы айылдык кеңешинин төрагасы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2022-жылга түзгөн иш пландары менен таанышып,угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жазы айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

 К.Камчибеков

 

 

Жазы айылдык кеңеши

20.01.2022-ж № 7/31 токтомуна

тиркеме

 

Жазы айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы

 

№

Каралуучу маселелердин мазмууну

 Аткарууу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

1.Жазы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитуу жана 2023-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун кароо

2.Жазы айыл өкмөтүнун 2021-жылдагы социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жана 2022-жылга милдеттери

3.Айыл чарба иштеринин 2020-2021-жылга аткарылышы, КБФ жерлери боюнча жер адисинин отчету жана жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндө

4.Айыл аймакта спорт жана жаштарды сергек жашоого уйрөтүү боюнча 2021-жылы жүргүзүлгөн иштер

5.Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышы.депутаттык этика

 

1-квартал

 

1.ФЭБ башчысы. Бюджет боюнча  туруктуу комиссия

 

2.Айыл өкмөтүнүн башчысы аппараты жана туруктуу комиссиялар

 

3.Жер маселелери боюнча башкы адис, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссия

4.Жаштар,спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясы

5.Депутаттык этика,мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдөо боюнча туруктуу комиссия

2

1.Жайыт комитетинин отчету

 

2.СПАнын жүргүзуп жаткан иштери жөнундө

 

3.Аймактагы билим берүү мекемелеринде,окуучулардын билим деңгээли жана тартиби

 

 

 

4.Аймакта маданият иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер

5.Айыл аймактагы транспорттордун саны жана төлөмдөру боюнча

 

2-квартал

1.Жайыт комитетинин башчысы,Айыл чарба,энергетика,курулуш соода,транспорт боюнча туруктуу комиссия

3. Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы

4.Жаштар,спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясы

5. Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы

3

1.Жазы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга карата долбоорунун киреше жана чыгаша кароо жөнүндө

 

2.2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата соц. обьекттердин даярдыгы.

3.Жазы аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы жана жүргүзүп жаткан иштери

4.Биринчи жарым жылда айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышы.

 

 

 

 

3-квартал

1.ФЭБ башчысы ,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы

 

2.Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы

 

4. Депутаттык этика,мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдөо боюнча туруктуу комиссия

4

1. Тазалык ишканасынын жыл башынан бери аткарган иштери

2.Жазы аймактык таза суу ишканасынын жүргүзгөн иштери жөнүндө

 

 

 

 

3) Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы, жана депутаттардын сессияга катышуусу жөнүндө

 

 

 

 

4-квартал

 

1.Айыл чарба,энергетика,курулуш соода,транспорт боюнча туруктуу комиссия

 

 

 

 

Депутаттык этика,мыйзамдуулук ,укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясы

 

Жазы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

М.Акжолова