Редакцияот 07.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги VIII- сессиясы

2022-жылдын 7- марты № 8/33

Жазы айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп счетундагы, 2021-жылдан үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн 6262,0 мин сом акча каражатын , 2021-жылга карата аткарыла турган иш чаралардын сметасына ылайык бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102- беренесине жана финансы , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы , Жазы айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын  1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп- счетундагы үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн 6262,0 мин сом акча каражатын , 2022-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын  сметасын алдын ала карап,алардын сунуштарынын негизинде  Жазы айылдык кеңеши

Токтом кылат

1. Жазы айыл өкмөтүнүн  2021 жылда иштетилбей ( үнөмдөлгөн) калган  жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен бюджеттен 5981,1 мин сом атайын каражаттын эсебинен – 280,9миң сом акча каражаты жалпы 6262,0 мин сом акча каражаты 2022-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын негизинде төмөндөгүдөй максатка жумшалсын

     1).Кызыл-Дыйкан жана Кара-Дыйкан айылдарынын көчөлөрүнө асфальт төшөөгө -     2737,4 мин сом.

     2). Орто мектептердин жана бала-бакчалардын учурдагы ремонтуна жана ар кандай чыгымдарына -427,3 мин сом.

     3).  Айылдарга столба , зым жана шагыл төшөөгө -1100,0 мин сом.

     4). Ар кандай проект-сметаларга – 900,0 мин сом.

     5).Кредитордук карыздарды төлөөгө – 51,4 мин сом.

     6). Кызыл-Дыйкан айылына раскол курууга – 330,0 мин сом.

     7). Айылдык кеңешинин сапар чыгымы жана төраганын эмгек акысына -130  мин сом

     8). Ветеринардык адистиги боюнча студенттердин контрагына – 50,0 мин сом.

      9).Тазалык ишканасынын жана жайыт комитетинин ар кандай  чыгымдарына-    160,0 мин сом.

    10).Сан.эпид.станциясынын кызматына жана участкалык милициясынын күйүүчү майына – 95,0 мин сом.

    11). Ар кандай чыгымдарга атайын каражаттын эсебинен – 280,9миң сом.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 К.Камчибеков