Редакцияот 07.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги VIII- сессиясы

2022-жылдын 7- марты № 8/35

Жазы айыл аймагындагы муниципалдык Ш.Абдуллаева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму- мекемесинин базасында 3-5 жаштагы балдарды кыска мөөнөттүү 3 сааттык эки тайпага ылайыкташтырылган 1 бөлмө ажыратууга уруксат берүү жөнундө

Жазы айылдык кеңешинин (VII-чакырлышынын )кезектеги 8- сессиясынын отуруму Жазы айыл аймагындагы муниципалдык Ш.Абдуллаева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму- мекемесинин базасында 3-5 жаштагы балдарды кыска мөөнөттүү 3 сааттык эки тайпага ылайыкташтырылган бир бөлмө ажыратууга уруксат берүү жөнүндө  2.03.2022-жылдагы  №1 протоколундагы  маселени угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жазы айыл аймагындагы муниципалдык  Ш.Абдуллаева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин базасында 3-5  жаштагы балдарды кыска мөөнөттүү 3 сааттык эки тайпага ылайыкташтырылган бир бөлмө ажыратууга уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер саламаттыкты сактоо, билим берүү,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 К.Камчибеков