Редакцияот 20.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XX сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2021-жылдын 20- декабры № 1

“Тогуз айдын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылган1300,0 миң.сом акча каражаты«Айылдык кеңештин 2021-жылдын 29-октябрында өткөрүлгөн кезексиз XVIII сессиясынын № 1 токтомунда Отуз-Адыр айылынын ички жолдорун асфальттоо иштерин төлөө үчүн каралган, ошол 1300,0 миң.сом акча каражатын зарыл болгон иш-чараларды аткаруу үчүн өзгөртүп бөлүштүрүү жөнүндө.»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин жана БюджеттикКодекстин 115-беренесинин 4-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүндө турган 1300,0 миң.сом акча каражаты төмөндөгү зарыл болгон иш-чараларды аткарууга бөлүнүп берилсин;

А) 426,0 миң.сом-кымбаттаганына байланыштуу электр энергиясы үчүн төлөө үчүн

Б) 130,0 миң.сом – столбаларды орнотуу үчүн

В) 30,0 миң.сом - № 9 М.Тешебаев орто мектебинин видеокөзөмөлүн оңдоо үчүн

Г) 31,0 миң.сом – Ж.Атабаев орто мектебинин котелун ремонттоо үчүн

Д) 100,0 миң.сом – Отуз-Адыр орто мектебине пластик терезелерди орнотуу үчүн

Е) 390,0 миң.сом–Элге жеңилдиктерди берүү үчүн

Ж) 70,0 миң.сом–«Инфодокс» программасын ишке ашыруу үчүн компъютер сатып алууга

К) 20,0 миң.сом – Жолбун иттерди аттуу үчүн

Л) 50,0 миң.сом-Аппарат кызматчыларына канц.товар алуу үчүн

М) 40,0 миң.сом – Мектеп окуучуларына жол акы төлөө үчүн

Н) 13,0 миң,сом - № 102 М.Тешебаев орто мектебинин котелун ремонттоо үчүн

Жыйынтыгы;  1300,0 миң.сом.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Калматовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Каимов.