ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVII сессиясы
2021-жылдын 19- февралы № 27/8
Жаңы-Арык айыл аймагында бак дарактарды жана өсүмдүктөрдүдарылоо тарификациясын бекитүү жөнүндө
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ош башкармалыгынын адиси М.Зулпуевдин бак дарктарды жана өсүмдүктөрдү дарылоо боюнча 1га жер аянтынын тарификациясын угуп жана талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба өсүмдүктөрүн трактор менен 1га дарылоо өлчөмү 1500- 2000 сомго чейин бекитилсин.
2. Ал эми жашылча жемиш,бак пувилизатор менен жеке агрономдардун 1га жер аянтын дарылоо өлчөмү 3000- 5000сомго чейин бекитилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнч башкы адиси А.Конкошовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы : Айыл ,суу чарба өндүрүштү көтөрүү, кайра иштетүү ишканалар менен иш алып баруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Осумбеков |