Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги III сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 11- ноябры № 3/2.1

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызынын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылы бекитилген бюджетине зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

             (тиркеме тиркелет)

2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.

3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы :

 А.Кадамбаева

 

 

Ылай-Талаа  айылдык  кеңешинин 11.11.2021-жылдагы

№ 3/2.1 токтомуна тиркеме

 

2021-жылдын  бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү  киргизүү

 

 

№

 

тармак

 

 

глава

 

берене

  өзгөртүүлөр

  анын  ичинен

көбөй түлөт

азай тылат

I кв

II кв

III кв

IV кв

1

709 нач.шк.

22154

900

-

20 000

-

-

-

20 000

2

704 ЖКХ

22154

900

20 000

-

-

-

-

20 000

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы:

 

 

20 000

20 000

-

-

-

40 000

 

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы:

 С.Осмоналиев