ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги III сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 11- ноябры № 3/5
Сай айылынын Котур-Дөбө участкасында жаңы курулган мечитке (маркум) Султан уулу Ысмайылдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Сай айылындагы Котур-Дөбө участкасынын жашоочуларынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы жалпы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сай айылынын Котур-Дөбө участкасында жаңы курулган мечитке Султан уулу Ысмайылдын ысымы ыйгарылсын.
2. Султан уулу Ысмайылдын ысымы ыйгарылган мечитке тиешелүү уруксат берүүчү документтерин даярдатып, Кыргызстан дин башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы небереси Исмайылов Эралиге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы : | А.Кадамбаева |