Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги III сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 11- ноябры № 3/6

Ылай-Талаа айылындагы № 7 ҮДТ мекемесине (маркум) Оморкулов Алимбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылындагы № 7 ҮДТнун кызматкерлеринин 2021-жылдын 24-сентябрындагы жалпы жыйынынын № 1, М.Жунусов атындагы Кара-Кулжа райондук ЖДПБнун 2021-жылдын 23-октябрындагы № 8 протоколдорун карап чыгып айылдык кенешти мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айылындагы № 7 ҮДТ мекемесине (маркум) Оморкулов Алимбектин ысымы ыйгарылсын.

2. Оморкулов Алимбектин ысымы ыйгарылган мекемеге аталыштарын өзгөртүп жаздырып, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүп туруу жана муктаждыктарына көмөк көрсөтүү жагы уулу Алимбеков Салибекке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы :

 А.Кадамбаева