Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги III сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 11- ноябры № 3/8

Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси К.Токтомушевдин маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы бекитилген бюджетине зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

          (тиркеме тиркелет)

2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.

3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ылай-Талаа айыл жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси М.Аманкуловго милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы :

 А.Кадамбаева

 

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 11.11.2021-жылдагы

№ 3/8 токтомуна тиркеме

 

2021-жылдын  бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

 

№

 

тармак

 

 

глава

 

берене

  өзгөртүүлөр

   анын  ичинен

көбөй түлөт

азай тылат

I кв

II кв

III кв

IV кв

1

701 з/пл

2111110

100

41591

-

-

-

-

41591

2

701 с/фонд

21211100

100

7175

-

-

-

-

7175

3

701 команд.

21111100

100

-

5000

-

-

5000

-

4

704 проч.

22154900

900

-

39266

-

-

25902

13364

5

704 инфрас.

22156900

900

-

4500

-

-

4500

-

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы:

 

 

48766

48766

 

 

35402

62130

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы:

 С.Осмоналиев