Редакцияот 13.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги ХVII – сессиясынын (алтынчы чакырылышынын)

2021-жылдын 13- февралы № 17/7

Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылынын наамы жок көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Алайчиев Мендибайдын ысымын түбөлөккө калтыруу жөнүндө

Баш-Булак айылынын тургуну Алайчиева Гүлсүнбүнүн арызын карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Булак айылынын наамы жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Алайчиев Мендибайдын ысымы Баш-Булак айылындагы наамы жок көчөгө берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 Келдибеков А