КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги I – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)
2021-жылдын 11- майы № 1/2
“Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктуна жана айылдык кеңештин регламентинин 2-бөлүгүнө ылайык, Катта-Талдык айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) биринчи уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын №2 протоколунун негизинде Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагалыгына айылдык кеңештин №4, алты мандаттуу Кызыл-Ордо шайлоо округунун депутаты Муратов Айбек Абдразакович шайланды деп эсептелсин.
2. Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин мыйзам чегинде аткарат.
Катта-Талдык айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты: |
Жусупова Ш.З |