Редакцияот 11.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги I – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 11- майы № 1/4

Катта – Талдык айыл өкмөтунүн 2022 – 2023 – 2024 – жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитуу жөнүндө.

Катта - Талдык айыл өкмөтүнүн 2022– 2023 – 2024 – жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча айыл өкмөтунүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, Катта - Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катта - Талдык айыл өкмөтүнүн 2022– жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 15790,5 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 28857,5 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.

2. Катта - Талдык айыл өкмөтүнүн 2023 – жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 16017,5 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 29143,5 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.

3. Катта - Талдык айыл өкмөтүнүн 2024 – жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 16182,5 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 29468,5 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.

4. 2022- жылга чыгаша бөлүгү 13067,0 миң сом, 2023- жылга чыгаша бөлүгү 13126,0 миң сом, 2024-жылга чыгаша бөлүгү 13286,0 миң сом ашыкча сарпталышына байланыштуу ушул суммаларды республикалык бюджеттен тендештирилуучу грант катарында суралсын.

 

Төрага

 А.Муратов