Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги II – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 18- майы № 2/4

Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагындагы Торгой-Булак айылындагы башкы планда көрсөтүлгөн 0,12 га жер тилкесине ФАПтын жаны имаратын куруу жөнүндө.

Катта-Талдык айылдык кеңешинин Торгой-Булак айылынын тургундарынын ФАП тын жаны имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында Катта-Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Торгой-Булак айылынын тургундарынын ФАПтын жаны имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында айылдын башкы планда кърсът\лгън 0,12 га жер тилкесине ФАПтын жаны имаратын курууга макулдук берилсин.

2. Айылга ФАПтын жаны имаратын куруу үчүн тиешелүү органдарга, коомдук кайрымдуулук фонддорго кайрылуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.А.Муратов