Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги II – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 18- майы № 2/5

Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагындагы Эшме айылындагы №331 контурундагы жалпы 5,10 га жер тилкесине 2,90 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө.

Катта-Талдык айыл өкмөтунүн билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагынын Эшме айылындагы №331 контурундагы 2,90 га жер тилкесине “Ас-Сафа” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан социалдык шаарча куруу долбоорун жактырып, Катта-Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Ас-Сафа” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан социалдык шаарча куруу долбоору жактырылсын жана колдоого алынсын.

2. Катта-Талдык айылдык кенегинин аймагынын Эшме айылындагы №331 контурундагы жалпы 5,10 га жер тилкесинен 2,90 га жер тилкеси “Ас-Сафа” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан шаарча куруу долбоору үчүн ажыратылып берилсин.

3. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жагы Каата-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.А.Муратов