КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги VI – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)
2021-жылдын 4- сентябры № 6/1
Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылынын наамы жок көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Шамаширов Удандын ысымын берүү жөнүндө
Баш-Булак айылынын тургуну Шамаширов Медербектин арызын карап чыгып жана талкуулап Катта - Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айылындагы наамы жок көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Шамаширов Удандын ысымы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А.Муратов |