Редакцияот 01.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XVII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2021-жылдын 1- июлу № 1

«Отуз-Адыр-Ош жана Кыш-Абад-Кара-Суу маршруттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга жол акы төлөө тарифтерин бекитип берүү жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр-Ош, Ош- Отуз-Адыр маршруттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга жол акы төлөө тарифи чоңдор үчүн 30 сом, мектеп окуучулары үчүн 15 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыш-Абад-Кара-Суу, Кара-Суу –Кыш-Абад маршруттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга жол акы төлөө тарифи чоңдор үчүн 20 сом, мектеп окуучулары үчүн 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Бул токтом Мыйзамда каралган тартипте катталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (А.Беделов).

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Калматов