Редакцияот 01.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XVII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2021-жылдын 1- июлу № 2

Кара-Суу райондук салык кызматынан болгон 3460.951 миң сом карызды төлөө маселеси жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 3-4-пункттарынын жана Кара-Суу райондук соту тарабынан 2021-жылдын 2-июлунда №81/1-20 чыгыш каты менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Н.Ж.Бакировага жолдонгон даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча арызынын жана кассациялык даттануу арызынын негизинде, Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысы Т.Туйбаевдин 2021-жылдын 10-июнундагы Отуз-Адыр айылдык кеңешине жолдогон №297 сандуу катынын негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Кара-Суу райондук салык кызматынан болгон 3460.951 миң сом. карызды төлөө Жогорку Соттун чечими чыкканга чейин убактылуу токтотулуп турулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну өзүмө калтырамын.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Калматов