КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/2
“Шадай” СПА на айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен ички арыктарды, каналдарды тазалоого, компютер жабдыктарын, күйүүчү май сатып алууга акча каражатын бөлүү жана штаттык бирдигин бекитүү, жалпы эмгек акыга, социалдык фондусуна акча каражатын бөлүү жана бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитип берүү жөнүндө
“Шадай” СПА сына айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүү жана штаттык бирдигин бекитүү, жалпы эмгек акыга, социалдык фондусуна акча каражатын бөлүп берүүнү жана бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн караган айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 03.02.2022-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен “Шадай” СПА нын 8- штаттык бирдиги бекитилсин жана жалпы эмгек акыга 540.000 сом, социалдык фондусуна 93.150 сом жалпысынан 633. 150 (алты жүз отуз үч миң бир жүз элүү) сом бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин ички арыктарды, каналдарды тазалоого 200.000 сом жана компютер жабдыктарын сатып алууга 50.000 сом, күйүүчү май сатып алууга 200.000 сом, жалпысынан 450.000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты субцидия катары бөлүнүп берилсин.
3. “Шадай” СПА нын 2022-жылга карата бюджети айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн субцидия 450.000 сом акча каражаты менен жалпысынан кирешеси 1.451.600 (бир миллион төрт жүз элүү бир мин алты жүз) сомго жана чыгашасы 1.451.600 (бир миллион төрт жүз элүү бир миң алты жүз) сомго бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |