Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2022-жылдын 17- февралы № 7/3

“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 3- февраль 2022-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

1. ”Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 13.203.861 (он үч миллион эки жүз үч миң сегиз жүз алтымыш бир) сомго, чыгашасы 12.624.562 (он эки миллион алты жүз жыйырма төрт миң беш жүз алтымыш эки) сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

2.”Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетинин кирешеси 6.291.680 ( алты миллион эки жүз токсон бир мин алты жүз сексен) сомго, чыгашасы 6.291.680 ( алты миллион эки жүз токсон бир миң алты жүз сексен) сомго бекитилсин.

3.Бюджеттик мекемелерге бир куб таза-суу пайдалануу акысы 25 сом, коммерциялык ишканалар бир куб таза-суу пайдалануу акысы - 45 сом, ар бир кожолукка таза-суу үйдөн колдонгондорго ар бир жанга 27 сом, жолдон колдонгондорго ар бир жанга 17 сом, 1-Май айылы үчүн эски жыйым тариф өлчөмү бекитилсин.

4. ”Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 21- штаттык бирдиги жана жалпы эмгек акысы 2.688.543 (эки миллион алты жүз сексен сегиз миң беш жүз кырк үч) сомго бекитилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.Бөрүбаев