КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/6
Кара-Кулжа айылындагы Суранбай көчөсүндө жайгашкан Белек чайханасына, Биймырза, 1-Май айылындагы элдик чайханасына жана мончолорго бир жылына ижара акысынын старттык баасын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 7- февраль 2022-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылындагы Суранбай көчөсүндө жайгашкан Белек чайханасына жылына ижара акысы 12.000 сом старттык баа, Биймырза, 1-Май айылындагы элдик чайханасына жылына ижара акысы 5.000 сом старттык баа жана Биймырза, 1-Май айылындагы мончолорго жылына ижара акысы 12.000 сом старттык баа бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |