Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2022-жылдын 17- февралы № 7/7

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2021-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалын караган айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 07- февраль 2022-жыл № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин кирешеси 46.898.700 (кырк алты миллион сегиз жүз токсон сегиз миң жети жүз) сомго жана чыгаша 46.346.500 (кырк алты миллион үч жүз кырк алты миң беш жүз) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын талаптарын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жүктөлсүн.

3. Турмуш-шарты оор үй-бүлөөлөрдүн, майыптардын, жалгыз бойлордун, тоголок жана жарым жетим балдардын, кургак учук менен ооруган тургундардын тизмесин тактоо жагы айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Т.Эргешовго тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.Бөрүбаев