КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/12
Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылында жайгашкан “ Сейил” мектепке чейинки билим берүү уюму бала бакчага шарттарын жакшыртуу курулушун курууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетту бекитүү жана бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” 3-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылында жайгашкан “ Сейил” мектепке чейинки билим берүү уюму бала бакчага шарттарын жакшыртуу курулушун курууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 150.000 (бир жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |