КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/14
Кара-Кулжа айылынын З.Жорокулов атындагы көчөдө жайгашкан ”Азирети Билал” атындагы райондук борбордук мечиттин жер аянтынан Медресе курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылындагы жергиликтүү жааматтын 17-январь 2022-жылы өткөрүлгөн жыйындын чечимин жана айыл өкмөтүнүн 07.02.2022-жылдагы № 1-3-25 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылынын З.Жорокулов атындагы көчөдө жайгашкан ”Азирети Билал” атындагы райондук борбордук мечиттин жер аянтынан Медресе курууга 1500.00 м.кв. жер аянтты бөлүнүп берилсин.
2. Медересе курулушунун АПУ сун жана курулуш долбоорун даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |