КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/15
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Камыш айылына чакан ГЕСтин курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 21 - декабрь 2021-жыл № 3 “ Сары-Камыш айылына чакан ГЕСтин курулуш иштерин баштоого жер аянттын бөлүп берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин жана Сары-Камыш айылында 11.02.2022-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Камыш айылынын Күнгөй учаскасына чакан ГЕСтин курулушуна 40.70 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Чакан ГЕСтин курулуш иштери жөнүндө Коомдук угуу уюштуруп өткөрүүнү камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жүктөлсүн.
3. Чакан ГЕС курулушунун документациясын, долбоорун даярдоо жана АПУ сун даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин коомдук уюмдар, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жалалов Калмамат Мамытбековичке тапшырылсын.
Төрага: | А.Бөрүбаев |