КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/17
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинен инвестицияга бөлүнгөн акча каражаттарды, долбоолорду колдоо үчүн өздүк салым катары бөлүп берүү жөнүндө
Социалдык-экономикалык өнүгүү багытында жазылган долбоорлорду колдоо максатында Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылындагы Т.Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу үчүн жазылган долбоорду колдоого өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин инвестиция бөлүгү 704.3111 статьясынан 70921.3111 статьясына 705.925 (жети жүз беш миң тогуз жүз жыйырма беш) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан А.Токтосартов атындагы райондук китепкананын имаратынын чатырчасын жана сырткы шыбагын ондоп түзөөдөн өткөрүү үчүн жазылган долбоорду колдоого, өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин инвестиция бөлүгү 704.3111 статьясынан 708.3111 статьясына 920.000 (тогуз жүз жыйырма миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.
3. 1-Май айылындагы Сеил балдар бакчасына спорт аянтчасын куруу үчүн жазылган долбоорду колдоого өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин инвестиция бөлүгүнон 704.3111 статьясынан 70911.3111 статьясына 150 000 (Бир жуз элуу миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага: | А.Бөрүбаев |