Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 24-сессиясынын (жетинчи шайланган)

2021-жылдын 4- марты № 24/2

Ак-Таш айылдык кеңешинин этика боюнча комиссиясынын сунушунун негизинде кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын этика маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде ошондой эле эки жылдан бери сессияларга келбей, катышпай жаткандыгына байланыштуу кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын токтотуу маселеси сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын этика маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде ошондой эле эки жылдан бери сессияларга келбей, катышпай жаткандыгына байланыштуу Ак-Таш айылдык кенешинин депутаттары Айтбай уулу Асхаттын жана Толонов Фахридинбектин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотулсун жана шайлоо кодексинин талаптарына ылайык Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттыгына кийинки кезекте турган талапкерлерге депутаттык мандатты ыйгаруу жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кенешинин депутаттарынын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы

 Б.Акимов