Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 9-2
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бөлүүдө, айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы кеңештин кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 3993000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
- 1310000 сом Айыл өкмөтүнүн имаратын чатырын, жылуулук системасын оңдоого жана Бал-Кыял бала бакчаны оңдоп түзөөгө өздүк салымы
- 400000 сом Жарандык коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга
- 507000сом Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка чыгымдарына
- 594000 сом Долбоорлорду даярдаганга
- 100000 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн
- 200000 сом Айылдардагы ички арыктарды тазалоого
- 200000 сом Айылдарга электр мамычаларын сатып алууга
- 544000 сом Айылдарга таза суу чыгарууга
- 138000 сом Техникалык шарттарды жана электр эсептегичтерди алууга
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага: | Ж.Назаров |