Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2022-жылдын 21- январы № 9-8

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытка баруучу мал жандыктарынын мал башына төлөнүүчү жайыт акысын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын” 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытка баруучу малдарга төмөндөгүдөй өлчөмдөрү бекитилип берилсин.

1. Кара Мал сезонго -140 сом айына 20 сом

2. Жылкыга сезонго -140 сом айына 20 сом

3. Эчкилерге сезонго -140 сом айына 20 сом

4. Койлорго сезонго -84 сом айына 12 сом

2. Айыл аймагынан сырт жактан келген малдар үчүн үч эсселенген сумма болуп төмөндөгүдөй өлчөмдө акы төлөө бекитилсин.

1. Кара Мал сезонго - 420 сом айына 60 сом

2. Жылкыга сезонго - 420 сом айына 60 сом

3. Эчкилерге сезонго - 420 сом айына 60 сом

4. Койлорго сезонго - 252 сом айына 36 сом болуп бекитилсин.

3. Бекитилген өлчөмдөгү төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 Ж.Назаров