Редакцияот 24.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы

2022-жылдын 24- марты № 11-3

Т.Зулпуев айыл атындагы өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты 4759,7 миң сом акча каражатын бекитүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыгы боюнча Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн сессиясында каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын 1-январына 4759,7 миң сом калдык акча каражатынан айыл ъкмът башчысы Д.Тажибаевдин сунушуна ылайык, 1497,5 миң сом акча каражаты “Ви Ва Комфорт строй” ЖЧКсынын кредитордук карызына төлөп берүү жагы №1 тиркемеге ылайык каралсын. (тиркеме тиркелет).

2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2022-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты каржылануусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Мурзаевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Ж.Назаров

 

 

Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин

жетинчи чакырылышынын кезектеги

тогузунчу сессиясынын

№ 11-3 токтомуна  №1-тиркеме

 

Т.Зулпуев айыл  өкмөтүнүн  2022-жылдын 22-январына калган калдыктын эсебинен  2022-жылдын   айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү  жөнүндө

 

(миң сом)

 

Аталышы

Бөлүмү

берене

Сумма

 

01.01.2022-жылга эсептик счеттундагы калдык

 

 

 

 

 

4759,7

 

Кирешелердин жыйынтыгы

 

 

 

 

 

4759,7

Билим берүү

70921

3111

1497,5

 

Чыгашалар жыйынтыгы:

 

 

 

 

 

1497,5

 

Катчы :

 Үсөн уулу К.