Редакцияот 24.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы

2022-жылдын 24- марты № 11-4

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты 4759,7 миң сом акча каражатын бекитүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыгы боюнча Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн сессиясында каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын 1-январына 4759,7 миң сом калдык акча каражатынан айыл ъкмът башчысы Д.Тажибаевдин сунушуна ылайык, айыл өкмөтүнүн кредитордук карыздарына жана атайын долбоорлор үчүн №1 тиркемеге ылайык төлөп берүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).

Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2022-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты каржылануусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Мурзаевага милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Ж.Назаров

 

 

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин

жетинчи чакырылышынын  кезектеги

тогузунчу сессиясынын

№ 11-4 токтомуна  №1-тиркеме

 

Т.Зулпуев айыл  өкмөтүнүн  2022-жылдын 24-мартына калган калдыктын эсебинен  2022-жылдын   айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү  жөнүндө

 

(миң сом)

 

Аталышы

Бөлүмү

берене

Сумма

 

01.01.2022-жылга эсептик счеттундагы калдык

 

 

 

 

 

4759,7

 

Кирешелердин жыйынтыгы

 

 

 

 

 

4759,7

Аппарат

701

2215

343,2

Жайыт комитети

70429

2215

229,0

Турак жай коммуналдык кызматтар

70629

3112

 871,7

Орто мектеп

70921

2221

100,4

Экономикалык маселе

70491

2215

285,6

Аппарат

701

2221

46,0

 

Чыгашалар жыйынтыгы:

 

 

 

 

 

  1875,9

 

Катчы :

 Үсөн уулу К.