КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 23- ноябры № 5/2
Ж.Калматаев атындагы көчөдөгү тратуарга жайгашкан электр-трансформаторду коопсуз жерге которуу жана жалпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык имараттардын, жерлердин ижара өлчөмүн иштеп чыгып сессияга бекитүү жагы айыл өкмөтүнө тапшыруу жөнүндө
Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын “15” - октябрь 2021-жылдагы № 4 “Ж.Калматаев атындагы көчөдөгү тратуарга жайгашкан электр-трансформаторду коопсуз жерге которуу жана жалпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык имараттардын, жерлердин ижара өлчөмүн иштеп чыгып сессияга бекитүү жагы айыл өкмөтүнө тапшыруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Ж.Калматаев атындагы көчөдөгү тратуарга жайгашкан электр-трансформатор коопсуз жерге которулсун, коопсуз жер аянтын тактоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Ж.Калматаев атындагы көчөдөгү тратуарга жайгашкан электр-трансформатор коопсуз жерге которуу жагы райондук электр тармактар ишканасынан суралсын.
3. Жалпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык имараттардын, жерлердин ижара өлчөмүн иштеп чыгып сессияга бекитүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Нурматовага, туруктуу комиссиялардын төрагалары А.Камчыбековго, М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |