Редакцияот 23.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 23- ноябры № 5/8

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына эксковатор сатып алуу боюнча көзөмөлдөө комиссиянын курамы бекитүү жөнүндө

Айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыктыгын, айкындуулугун камсыздоо максатында Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына эксковатор сатып алуу боюнча төмөндөгү көзөмөлдөө комиссиянын курамы бекитилсин:-

 

- Беш мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты Турдали уулу Женишбек;

- Алты мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун депутаты С.Чолпонов;

- Алты мандаттуу Совет шайлоо округунун депутаты Н.Жоржоев;

- Айылдык кеңештин төрагасы А.Бөрүбаев;

- Алты мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун депутаты Акин уулу Асан;

- Жети мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты Мойдун уулу Самат;

- Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Апалаев;

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Бөрүбаев