ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IV сессиясы
2021-жылдын 3- ноябры № 24
Жылалды айыл өкмөтүндөгү ижарага берилүүчү КБФ жерлеринин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IV сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобонун негизинде Жылалды айыл өкмөтүндөгү ижарага берилүүчү КБФ жерлеринин ижара акысын бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүндөгү ижарага берилүүчү КБФ жерлеринин ижара акысы 1 гектар чөп орок 1500 (бир миң беш жүз) сомдон, 1 гектар кайрак айдоо жер 2000 (эки миң) сомдон, 1 гектар сугат айдоо жер 10000 (он миң) сомдон, 1 гектар шалы эгилүүчү жер 15000 (он беш миң) сомдон бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |