ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү V сессиясы
2021-жылдын 1- декабры № 29
Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын 2018-жылдын 28-мартындагы №32 токтому жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын 2018-жылдын 28-мартындагы №32 токтомун, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун талаптарына шайкеш келтирүү максатында, Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын 2018-жылдын 28-мартындагы №32 токтому боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын 2018-жылдын 28-мартындагы №32” “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун талаптарына шайкеш келтирүү жөнүндө” токтому бекитилсин.
2. Бул боюнча, “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун 0,20 га жер аянтын айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) тууралуу” төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.
2.1. Жылалды айыл аймагынын №565 контурунда жайгашкан айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун 0,20 га көп жылдык бак (тыт) жер аянтын айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жер жана өнөр жай курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |