Редакцияот 07.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси

2021-жылдын 7- октябры № 8/3

Коомдук өз алдынча башкаруу органдарында айыл башчылардын жүргузүп жаткан  иштеринин абалы жөнүндө

Жошолу айыл аймагында  айыл башчылардын жүргузүп жаткан  иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап  Жошолу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

Айыл аймагындагы иш алып барып жаткан айыл башчылар тарабынан бир топ иштер аткарылып  жаткандыгы менен канааттандырарлык деп белгиленсин .

Айыл аймагында иш алып барып жаткан айыл башчылардын 2021-жылга түзүлгөн иш планындагы көрсөтүлгөн иштердин аткарылгандыгы , ошону менен бирге , өзү жетектеген  айылында, калк арасында, бир топ алгылыктуу иштер  жүргүзүлүп жаткандыгы, атайын сырткы жеке демөөрчүлөр менен иштөөдө жакшы  демилгелерин  көрсөтүп, айыл тургундарынын мактоосунун натыйжасында алдыда аткарыла  турган жумуштарын тыгыз эл менен иш алып баруу жагы белгиленсин.

 Жайыт комитети менен биргеликте  уюшкандыкта тыгыз  иш алып баруу жагы милдеттендирилсин .

Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына , ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин  уюштуруу –укуктук маселелер ,мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .

 

Төрага:

К.Матабаров.