ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси
2021-жылдын 7- октябры № 8/4
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токту айылынын тургуну Жаныбаев Долатбек Жетимишовичтин менчигине таандык там арка жеринин жанындагы бош турган жерге , бала-бакча курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токту айылынын тургуну Жаныбаев Долатбек Жетимишовичтин менчигине таандык там арка жеринин жанындагы бош турган жерден 0,30 га жер аянтын бала-бакча курууга бөлүп берүү боюнча Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токту айылынын тургуну Жаңыбаев Долатбек Жетимишовичтин менчигине таандык там арка жеринин бош турган жерден 0,30 га жер аянты бала-бакча курууга бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Жээнбековго жүктөлсүн, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер бөлүштүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өзүмдүн көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага: | К.Матабаров. |