ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси
2021-жылдын 7- октябры № 8/5
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну, айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Т.Абдырахмановго айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну, мурунку айыл өкмөт башчысына айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Жаңы-Турмуш айылынын 2021-жылдын 30-сентябрындагы элдик жыйынынын № 14 протоколунун негизинде Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Турмуш айылынын 2021-жылдын 30-сентябрындагы элдик жыйынынын № 14 протоколунун , айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы, айыл өкмөтүндө үзүрлүү иштеп, учурда коомдук иштерге катышып , айыл өкмотүнүн инфраструктурасынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Абдырахманов Туратбекке Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Матабаров. |