Редакцияот 07.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси

2021-жылдын 7- октябры № 8/6

Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну, Бакаева Айнагул Мусаевнага Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылындагы Маданият үйүнө атын берүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Бакаева Айнагүл Мусаевнага Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы маданият үйүнө атын берүү жөнүндөгү Жаңы-Турмуш айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 4-октябрындагы № 10 протоколунун негизинде Жошолу айылдык кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Турмуш айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 4-октябрындагы № 10 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу жана айыл өкмөттүн сунушунун негизинде , айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга , кошкон салымы, өмур бою маданият тармагында үзүрлүү эмгектенип иштеп , азыркы учурда коомдук иштерге активдүү катышкан эмгеги үчүн Жошолу айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнө Бакаева Айнагүл Мусаевнанын аты ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Матабаров.