Редакцияот 07.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси

2021-жылдын 7- октябры № 8/8

Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш  айылындагы Курманжан датка орто мектебинин эски имаратын бала-бакчага берүү  жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш  айылындагы Курманжан датка орто мектеби жаңы курулгандыгына байланыштуу бош тургун жалпы аянты 2408,27 кв метр эски имаратынын жер аянтын көпчүлүк айылдын тургундарынын сунушун эске алуу менен  бала-бакчага берүү  жөнүндө Жошолу айылдык кеңеши

ТОТКОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш  айылындагы Курманжан датка орто мектеби жаңы курулгандыгына байланыштуу бош тургун жалпы аянты 2408,27 кв метр болгон эски имаратынын жер аянтын, көпчүлүк айылдын тургундарынын сунушун эске алуу  менен  бала-бакчага берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык кеңештин жер болуштуруу боюнча туруктуу комиссиясы А.Максутовага ошондой эле жер адиси А.Жээнбековго тапшырылсын.

 

Төрага:

К.Матабаров.