ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX заседаниеси
2021-жылдын 15- ноябры № 9/1
«Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) төрагасы А.Иманахуновдун отчету жөнүндө
«Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) төрагасы А.Иманахуновдун отчетун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин бир жылдык иши «канааттандырарлык» деп табылсын, коомдук бирикме тарабынан бир топ иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. «Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси айыл тургундарын ичүүчү суу менен толук кандуу камсыз кылуу жана ар бир абанент менен тыгыз иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. «Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин сунушун эске алып , айыл тургундарына тарифти 15 сомдон 20-сомго көтөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо «Таза суу» ИСКАКБ нын төрагасына, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча турукутуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Матабаров. |