Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX заседаниеси

2021-жылдын 15- ноябры № 9/5

Айыл аймагында ашыкча ыксыз чыгымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү , ошондой эле спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө

Айыл аймагында ашыкча ыксыз  чыгымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү ошондой эле айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндөгү Осоавиахим айылынын  тургундарынын 2021-жылдын 08-ноябрындагы № 10 протоколун угуп жана талкуулап  Жошолу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы элди тейлөөчү магазиндерде, ошондой эле жеке үйлөрүндө соода сатык менен алектенген жеке сатуучулар спирт ичимдиктерин айыл аймагында сатууну токтотуу  тууралуу айыл өкмөтүнүн Осоавиахим айылынын тургундарынын  2021-жылдын 08 - ноябрындагы № 10 элдик протоколун турмушка ашыруу максатында тез ыкчам чаралар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

2. Айыл аймагында коомдук коопсуздуктун алдын алуу жана жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында , ошону менен бирге  айыл тургундарына терс таасирин тийгизүүчү жат көрүнуштөргө жол бербөө, ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана тартипке келтирүү спирт ичимдиктерин саттырбоо боюнча жумуш алып баруу жагы жандандырылсын.

3. Айыл аймагында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөн айыл тургундарын, калк арасындагы кадыр барктуу аксакалдардын катышуусунда тартипке чакыруу боюнча ыкчам аракеттер менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдын курамына тапшырылсын.

4. Кабыл алынган чечимдерин аткарбаган карама каршы иштерди жүргүзгөн, текеберликке жол берген, айылдын тургундарын эл алдында уяткаруу иш чаралары көрүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, спирт ичимдиктерин айыл аймагында сатууга бөгөт коюуу, тартипке чакыруу, айылдын кадыр барктуу аксакалдарынан жана патриот жаштарынан , лидер аялдардан  түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн, ошондой эле айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдын курамына милдеттендирилсин,ал эми көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы

 

Төрага:

К.Матабаров.