НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI I чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 9- июлу № III–1
Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө жайгашкан “Найман” эки этаждуу балдар бакчасынын эшик, терезелерин жана полун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн кошумча акча каражатын планга киргизип, чыгымдоо максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн- кезектеги жардам беренесине 22,3 миң сом, чыгаша бөлүгүнүн бала бакча тармагынын 3111 беренесине – 22,3 миң сом кошулуп өзгөртүлсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: | Сатар у.А |