Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

2021-жылдын 18- августу № IV-2

Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен “Памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-июнундагы “Памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү” №265-б буйругун аткарууга алуу максатында, жыл башында бул маселеге акча каражаты каралбаганына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен акча каражатын которуу маселесин карап чыгып, Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Найман айыл өкмөтүнүн”Жарандык коргонуу бөлүмүнөн” (702) 7500 сом акча каражаты “Памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү” үчүн которулуп берилсин.

 

2. Жогорудагы акча каражатын которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык кеңешинин төрагасы:

Сатар у.А