ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VI-сессиясы
2021-жылдын 12- октябры № VI-2
Гулистан айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № ХХХIV-сессиясынын токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 9-айында жергиликтүү бюджеттин план тапшырмаларын 137,0% ге аткарылгандыгы же болбосо пландагы 10350,7 миң сом ордуна 15665,8 миң сом акча каражат жыйналып, 5315,1 миң сомго артыкча акча каражат түшкөнү белгиленди. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-айында пландан артыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында, Гулистан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-айында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген планынан 5315,1 миң сом акча каражаты артыкча түшкөндүгү белгиленсин.
2. Артыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 4369,8 миң сом төмөнкүдөй иштетилсин: (№1 тиркеме тиркелет)
- Беш -Коргон айылындагы жолду асфальттоо үчүн, Бостон айылында курулуп жаткан мектеп курулушун аяктоо үчүн жана башка керектүү иштерди аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесине 2640,9 миң сом, 2221 беренесине 714,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
- “Бостон” айылында курулуп 2021-жылдын 1-сентябрынан ишке түшүрүлгөн жаңы “Б.Шаназаров” атындагы мектепти электр энергиясы менен жана жылытуу системасын көмүр менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттин 70921-бөлүмүнүн 2231-беренесине 200,0 миң сом, 2224-беренесине 100,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
- Гулистан айыл аймагындагы мектептерге видеокөзөмөл орнотууга көмөк көрсөтүү үчүн жана мектептерге жаңы электр эсептегичтер сатып алуу үчүн 70491- бөлүмдүн 2215-беренесине 428,6 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
- Гулистан аыл аймагындагы балдар бакчаларына инвентарлар сатып алуу үчүн 70911 бөлүмдүн 2222 беренесине 76,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
- Гулистан айыл өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнө 70111-бөлүмдүн 2231 беренесине 100,0 миң сом, 2215 беренесине 50,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
- Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине 70429- бөлүмдүн 2215 беренесине 60,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
| Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги VI-сессиясынын № VI-2-токтомуна тиркеме |
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр (миң сом)
Кирешенин аталышы | Элемент |
| сумма |
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 11111100 |
| +3560,0 |
Ыктыярдуу патенттоо салыгы
| 11122200 |
| +749,5 |
Жайыттын арендасы | 14152200 |
| +60,0 |
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
| +4369,5 |
|
|
|
|
Чыгашанын аталышы | Бөлүм | Берене | сумма |
Мамлекеттик кызматтар | 70111 | 2215 | 50,0 |
|
| 2231 | 100,0 |
Экономикалык маселелер
| 70491 | 2215 | 428,6 |
ЖКХ | 70629 | 2221 | 714,0 |
| 70629 | 3111 | 2640,9 |
Билим берүү (мектеп) | 70921 | 2224 | 100,0 |
| 70921 | 2231 | 200,0 |
Билим берүү (балдар бакчасы) | 70911 | 2222 | 76,0 |
Айыл чарба (Жайыт ) | 70429 | 2215 | 60,0 |
Бардыгы: |
|
| 4369,5 |
Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
А. Абдураимов |