ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VI-сессиясы
2021-жылдын 12- октябры № VI-3
Гулистан айыл аймагынын “Бостон” айылында курулган жаңы “Б.Шаназаров” атындагы мектепке көмүр сатып алуу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин планынын 2021-жылдын тогуз айындагы тапшырмалары 137% ге аткарылып, түшкөн артыкча 5315,1 миң сомдун эсебинен “Бостон” айылында курулган жаңы мектепке көмүр сатып алууга акча каражатын ажыратуу максатында, Гулистан айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин планын 2021-жылдын тогуз айындагы тапшырмалары 137% ге аткарылып, түшкөн артыкча 5315,1 миң сомдун эсебинен “Бостон” айылында курулган жаңы “Б.Шаназаров” атындагы мектептин жылытуу системасына 28,6 тонна көмүр сатып алуу тапшырылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |