ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VI-сессиясы
2021-жылдын 12- октябры № VI-4
Гулистан айыл аймагынын “Бостон” айылында курулган жаңы “Б.Шаназаров” атындагы мектепти электр энергиясы менен камсыз кылуу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин планынын 2021-жылдын тогуз айындагы тапшырмалары 137% ге аткарылып, түшкөн артыкча 5315,1 миң сомдун эсебинен “Бостон” айылында курулган жаңы мектепти электр энергиясы менен камсыз кылуу үчун акча каражатты ажыратуу максатында, Гулистан айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин планынын 2021-жылдын тогуз айындагы тапшырмалары 137% ге аткарылып, түшкөн артыкча 5315,1 миң сомдун эсебинен “Бостон” айылында курулган жаңы “Б.Шаназаров” атындагы мектепти 78740 кВт электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |